Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп берейин… Айдоочу элден кечирим сурады (видео)

Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп берейин…  Айдоочу элден кечирим сурады (видео)

Садыр Жапаровдун уулун өлүмүнө себепчи болгон айдоочу Жапаровдун үй-бүлөсүнөн жана элден кечирим сурады. Блогер Талант Сагынбаевдин ютуб каналына жарыяланган 2 мүнөттүк видеодо, айдоочу ошол күнкү кырсык жана андан кийинки окуялар тууралуу айтып берген.

[su_quote]Дастандын үй бүлөөсүнөн кечирим сурап, терең кайгыруу менен көңүл айтам. Авариядан кийинки төрт күн бою Дастандын үй-бүлөсү менен чогуу жүргөм. Ушунчалык кайрымдуу, мээримдүү, кечиримдүү үй-бүлө экен. Мен ишенем, Дастан да ошондой киши болчу. Аны түшүнүп, мага эки эсе оор болуп жатат. Жакын арада ата болгом. Ата-эненин ичиндеги, жүрөгүндөгү күйгөн өрттү мен да сезип, жүрөгүм жарылгыдай болуп атат. Дастандын жалпы үй-бүлөсүнөн кечирим сурайм.

Садыр Нургожоевич, балаңыздын ордуна мен бала болуп бергенге даярмын, келинчегим келин болсун, кызым небереси болуп берсин. Өмүрүмдүн аягына чейин карызым бар. Кудайдан, бүткүл кыргыз элимден, жүргүнчү кыздын үй-бүлөсүнөн да кечирим сурайм. Үйгө азык-түлүк, дары алып чыгып келе жаткам. Жаман ой менен жолго чыккан жокмун. Кырсык болуп калды. Машине бурулгандан кийин өзүм билбей калдым… Дастандын у бүлөөсүнөн бир да жаман сөз айтылган жок.[/su_quote]

Садыр Жапаровдун 27 жаштагы уулу Дастан жол кырсыгынан алган оор жаракатынан улам эсине келбей, 26-августта Бишкекте ооруканада каза болгон. Анын тажыйасы 28-август күнү Түп районунун Кең-Суу айылында өткөн.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Садыр Жапаровго каза болгон уулунун тажыясына катышууга уруксат берген.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>