Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров үгүт ишинде каражат коротуу боюнча эң алдыңкы талапкер

Борбордук шайлоо комиссиясы расмий сайтында президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн каражаттар жана алардын сарпталышы жөнүндө маалымат жарыялады.

Ага ылайык, 18-декабрга карата баарынан көп каражат Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна түшкөн – 47 млн 404 миң сом (587 миң доллардын тегереги). Каражатты сарптоо боюнча да ал талапкерлердин арасында биринчи орунда турат – 43 млн 720 миң сом. Таблицага караганда, каражат негизинен үгүт материалдарына (баннерлерге, баракчаларга, видеороликтерге жана материадарды ЖМКларга жайгаштырууга) жумшалган.

Андан кийин бизнесмен Бабыржан Төлбаев келатат. Анын шайлоо фонду 9 млн сомдон ашыгыраак. Бирок ал 5 млн 687 миң сомун гана короткон. Шайлоо фондунун өлчөмү боюнча лидерликтин үчилтигин бизнесмен Имамидин Ташов жабат. Ал эсебине 5 млн сомго чукул акча салган жана 3 млн сомго жакынын короткон.

Калган талапкерлердин шайлоо фонддору 4 млн сомдон ашпайт, көпчүлүгүнүн эсебинде 1 млн сомдон көбүрөөк гана каражат бар.

Өлкөдө президенттин шайлоо 10-январга белгиленген, 18 талапкер ат салышууда. Үгүт компаниясы 15-декабрда башталган.

Exit mobile version