Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Өзгөн менен Кара-Кулжанын акимин кызматтан алды

Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы Болотбек Дыйканбаев кызматтан алдынды. Тийиштүү буйрукка премьер-министри Садыр Жапаров кол койгон.

Жапаровдун дагы бир буйругу менен Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрация башчысы дагы кызматтан алынган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өзгөн районунун мамлекеттик администрация башчысы Руслан Мейматкулов дайындалган.

Exit mobile version