Сулайманов Жапаровдон 6-октябрдагы окуяларга кандай баа берерин сурады

Сулайманов Жапаровдон 6-октябрдагы окуяларга кандай баа берерин сурады

Бүгүн, 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына өзүн өкмөт башчынын милдетин аткаруучу атаган Садыр Жапаров да катышып жатат. 

Ал талапкер катары сөз алып, өкмөт башчынын милдетин аткарууга даяр экендигин билдирди.

Ал программасы менен тааныштырып, ага депутаттар суроолорун берип жатат.

Алардын катарында “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да суроо узатты.

“5-октябрда абакта элеңиз, 6-октябрда эркиндикке чыктыңыз? Ушул күнгө кандай баа бересиз?”, — деди Сулайманов. 

Ага Садыр Жапаров 6-октябрда төңкөрүш эмес, элдик толкундоо болгондугун айтты. 

“Бул төңкөрүш эмес, бул элдик толкундоо болду .Эгер төңкөрүш болгондо анда президент да кетип анын ордун да басып алышмак. Ошондуктан мен бул Бул төңкөрүш эмес, бул элдик толкундоо менен бийлик алмашты деп ойлойм”, — деди Жапаров

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>