Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Президент адам укуктары – ар бир адилеттүү коомдун негизги тиреги экенин, өлкөнүн Конституциясынын, мыйзамдарынын жана мамлекеттик башкаруу системасынын пайдубалы адам укуктарынын корголушуна негизделип түптөлгөн айтат.
«Кыргыз эли байыртадан эле адамдык ар-намысты, эркиндикти, жоопкерчиликти жана адилеттүүлүктү туу тутуп жашап келгендиги баарыбызга жакшы маалым. Тарых-таржымалыбызда, дөөлөт-мурастарыбызда улуттар аралык ынтымакка, достукка, ишенимге жана кызматташтыкка өзгөчө маани берилгендигин көрүүгө болот. Бизде ар бир жарандын этностук, маданий же улуттук таандыгына карабастан, тең укуктуулук, урматтоо жана укуктарды коргоону камсыздоо негизги ролду ойногон», — дейт Жапаров.
Жапаров өлкөдө адам укуктарын камсыз кылууда жетишкендиктер бар экенин билдирди.
«Өткөн он жылдыкта Адам укуктарынын жалпы декларациясы адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттары үчүн үлгү болуп, көптөгөн өлкөлөрдү, анын ичинде биздин өлкөнү, тиешелүү улуттук мыйзамдарды иштеп чыгууга шыктандырды. Кыргыз Республикасы бул принциптерди кармануу менен, бул багыттагы глобалдык демилгелерге жигердүү катышып келет.
Бул жааттагы жетишкендиктерибизди адам укуктары боюнча эл аралык негизги келишимдерге кошулуу, милдеттенмелердин аткарылышы боюнча эл аралык платформаларга үзгүлтүксүз маалымат берүү, ошондой эле Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланышы дагы тастыктайт», — дейт ал.
Ал жарандарды адам укуктарын жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдөөгө чакырды.
«Ата Мекенибизде ар бириңиздер ар дайым укуктарыңыздардын корголгонун сезип, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушуңуздарды каалайм. Коомубузда ар дайым бири-бирин урматтоо, ынтымак жана адилеттүүлүк өкүм сүрсүн!
Эң башкы баалуулугубузду – адам укуктары менен эркиндиктерин жана укуктук мамлекеттин негиздерин биргеликте бекемдейли!
Ар бир күнүбүз тынчтыкка, өнүгүүгө жана бакубаттуулукка карай кадам болсун!», — дейт президент.