Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Агдамда өткөн «Жеңиш» шоу-программасына катышты

Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн «Жеңиш» аталышындагы шоу-программага катышты.

Президенттик администрациядан кабарлашкандай, бул маданий иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында уюштурулган.

Шоу-программада конокторго Азербайжандын бай маданий мурасы жана карабах аргымактары аркылуу чагылдырылган байыркы жылкычылык салттары көрсөтүлдү. Атчандар улуттук кийимчен чыгып, ат үстүндөгү элдик оюндарды, ошондой эле ат минүүнүн классикалык жана фольклордук ыкмаларын тартуулашты.

Иш-чаранын ачылышында Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин туулары салтанаттуу түрдө көтөрүлүп, ардактуу конокторго өзгөчө сый-урмат көрсөтүлдү. Шоу-программа салттуу азербайжан музыкасы жана улуттук бийлер менен коштолду.

Бул маданий иш-чара Кыргызстандын президентинин катышуусу менен өзгөчө расмий мүнөзгө ээ болуп, боордош эки элдин ортосундагы маданий жана дипломатиялык байланыштарды дагы да бекемдеди.

Exit mobile version