Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоо иштерине 10 эле миллион сом кетет

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоо иштерине 10 эле миллион сом кетет

Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Telegram каналында жазды.

Анын айтымында, 450 миллион сом парламенттик шайлоого жумшала турган каражат.

«Аны Ак үйдүн чыгымы экен деп адашып айтып жатышат. Аталган имаратты оңдоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыккам, 10 млн. сомго жетпеген каражат кетет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт», — деп жазылат анда.

Буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров Ак үйдү оңдоо үчүн 450 миллион сом кетиши мүмкүн экенин айткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>