Садыр Жапаров: Ак калпак кыргыз баласынын башынан түшпөсүн

Садыр Жапаров: Ак калпак кыргыз баласынын башынан түшпөсүн

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-мартта кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүн өзгөртүүсүз беребиз:

“Урматтуу мекендештер!

Кыргыз элинин улуттук баалуулуктарынын бири болгон Ак калпак күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Абалтадан элибиз улуттук кийимдерин аздектеп, өзгөчө баш кийимге аяр мамиле кылып келген. Ата-бабабыз кастарлаган Ак калпак — кыргыздын улуттук көркөм дөөлөттөрүнүн көрөңгөсү экендиги талашсыз. Кыргыз эли эл болуп түзүлгөндөн бери жашоонун, улуулуктун, тазалыктын символу, ыйык белгиси катары, акылман, уз-чебер энелерибиз  ак мөңгүлүү Ала-Тообузду көзгө тартып, шөкөттөп, ак калпагыбызды урпактарга таберик мурас калтырган. Анын ар бир кыйуусу, сайылган саймасына чейин терең философиялык маани берип, эр азаматтардын жаш курагына ылайыктап кийгизген.

Улуттук кийимдин маанилүүлүгүн сактоо максатында 2016-жылдын 29-июнунда Жогорку Кеңештин  „Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү жөнүндө“ токтому  расмий таанылып, аталган токтомду ишке ашыруу үчүн өлкө аймагында ата-бабабыздан мурас калган баш кийимди эли-журтубузга, жаштарыбызга кеңири түшүндүрүү, жайылтуу жана даңазалоо максатында жыл сайын 5-март күнү  иш-чаралар уюштурулуп келүүдө. Бакай бабабыз, Айкөл Манас атабыздан тарта Ак калпакты ыйык тутуп, ата-бабаларыбыз улуттук наркын жана ар намысын бийик сактаган.

Кыргыздын кыргыз экенин тааныткан улуттук мурастарыбыздын бири улуттук кийимдерибиз менен катар, баш кийимибиз Ак калпак али да кыргыз баласына жарашып, дүйнө элдеринин алдында сыймыкка бөлөп турат. Канчалаган чет мамлекеттерде, маданий, спорттук иш-чараларда Ак калпагын шаңкайта кийип бараткан мекендештерибизди көргөндө Ала-Тоо көчүп бара жаткандай сезимге бөлөп, башка элдерден айырмалап, көркөмдүк кооздугу жана касиети көрктөп турат. Бул байыркы баш кийимди кийген адам илгерки бабаларынын тарыхына тамырлашып, калайык калкынын тагдырына бекем байланат деп ишенем.

2019 — жылы ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине „Кыргыз элинин эркектердин баш кийими Ак калпакты жасоодогу салттуу ыкмалары жана кийүү маданияты“ деген аталышта катталып, мекендештерибизди сыймыкка бөлөдү. Жыл өткөн сайын улуттук кийимдерибиз кеңири жайылып, ааламды суктандырып, анын ичинде Ак калпактын мааниси тереңдеп бара жаткандыгы кубандырат.

Кыргыздын улуттук кийимдери — элдин этностук тарыхынын ажырагыс бир бөлүгү. Тарыхый узак мезгилде көчмөн маданиятыбыздын үлгүсү болуп, муундан муунга таберик болуп сакталып калды. Ак калпактын жана улуттук кийимдердин баалуулугун сыймыктануу менен дүйнө жүзүнө даңктап, келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүүбүз абзел.

Андыктан улуттук баш кийимибиз — Ак калпак кыргыз баласынын башынан түшпөсүн. Улуттук кийимдерибиз улуттун улуулугун сактап, элибизден ыйман, пейил, ар намыс кетпесин. Байыркы нарк насилибиз, улуттук көркөм дөөлөттөрүбүз сакталып, кыраакы кыргыз дүйнөсүн ааламга тааныта беришине тилектешмин».

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>