Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров: «Ак-Ордо-3тө» жерлер майга чейин мыйзамдашат

Президент Садыр Жапаров «Ак-Ордо-3» конушунда майга чейин жерлер мыйзамдашаарын Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павлов айыл өкмөтүндөгү «Ак-Ордо-3» конушунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Эл менен жолугушууда өлкө башчысы Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевге конуштагы тилкелерге ээлик кылууга укук берүүчү документтерди жана техникалык паспортторду берүү маселесин чечүүнү тапшырды.

«Майга чейин ээлик кылууга укук берүүчү документтери жана техпаспорту жок үй болбошу керек. Эгер анда болбосо, тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилери кызматынан эле алынып тим болбой, өз кызматтык милдеттерин аткаруудагы шалаакылыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат» — деп билдирген Садыр Жапаров.

 

Ошондой эле конушту борборго кошуу маселеси жашоочулар бардык документтерин алгандан кийин чечилерин кошумчалады. Мамлекет башчысы чогулган көйгөйлөр узак жылдар чечилбей келгенин, аларды бир заматта чечүү мүмкүн эмес экенин, бирок бардыгы акырындык менен ирээтке келтирилип жатканын белгиледи.

Exit mobile version