Садыр Жапаров: Акылбек Жапаров уят сөз сүйлөгөнү үчүн аны кызматтан алам – видео

Садыр Жапаров: Акылбек Жапаров уят сөз сүйлөгөнү үчүн аны кызматтан алам – видео

Акылбек Жапаровдун кандай билими болсо дагы уят сөз сүйлөгөнү үчүн кызматтан алам. Бул туурасында президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде айткан.

“Үч күн мурунку теле дебатын көрдүм, Темирлан Султанбеков деген жаш бала менен айтышып жатыптыр. Ошол жерде адепсиз сөздү сүйлөгөнүн өз кулагым менен уктум. Ошондуктан Акылбек Жапаровду  үч күндөн бери издеп  таппай жатам, жумушка келе элек. Бүгүнтөн баштап ал менин кеңешчим болбойт. Кандай билими болсо дагы, жаш бала менен айтышып, уят сөздү сүйлөгөнү үчүн мен аны бүгүн кызматтан алам”, – деген Жапаров.

Өкмөт башчы ошондой эле, Акылбек Жапаров кызмат сурап келбегендигин, андан каржы жана экономика тармагы боюнча кеңеш сурайын деп кызматка өзү чакыргандыгын айтты.


Тактоо иретинде айта кетели: Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров жакында эле “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүнө катышкан. Анда Жапаровго карата көрсөтүүнүн башка катышуучусу, жаш саясатчы Темирлан Султанбеков менен кайым айтышкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>