Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушу боюнча кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 14-июлда, Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында “Ала-Тоо Резорт” төрт мезгилге ылайыкталган тоо-лыжа кластеринин курулушу боюнча даярдык иштерине арналган жумушчу кеңешме өткөргөнүн Президенттик администрация кабарлады.

Кеңешмеге тармактык министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери катышты. Анда мамлекет башчысы долбоордун жүрүшү жана анын алгачкы этаптарын ишке ашыруу боюнча тиешелүү жетекчилердин отчётторун укту.

Энергетика министри курортту энергия менен камсыздоо схемалары тууралуу маалымат берсе, курулуш жана транспорт министрлери инженердик тармактарды жана унаа жолдорун куруу пландары тууралуу айтып беришти. Биринчи асма жолдун курулушу 2026-жылдын жай айына бүткөрүлүшү пландалууда.

Кеңешменин жүрүшүндө, ошондой эле, 2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин 49 лот аукцион аркылуу сатууга коюлары белгилүү болду. Аукционго жергиликтүү жана чет өлкөлүк инвесторлор чакырылат. Сатылуучу жер тилкелери 3-5 жылдыздуу мейманканалар, VIP-коттедждер, этно-таунхаустар, ресторандар, кафелер, SPA-комплекстер жана башка туристтик жана коммерциялык объекттерди куруу үчүн каралган.

Бул долбоорго катышуу инвесторлорго Борбор Азиядагы эл аралык стандарттарга жооп берген ири туристтик кластерлердин биринин бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.

Кеңешменин соңунда президент Садыр Жапаров бардык иштерди өз мөөнөтүндө жана толук каржылоо менен аткаруунун маанисин баса белгиледи. Ал тиешелүү органдарга курулуш процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоо жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо тапшырмасын берди.

Exit mobile version