Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Астанадагы Манастын эстелигинин ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрелде Казакстанга расмий сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүм башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Расмий сапардын алкагында Жапаров Касым-Жомарт Токаев менен жолугушат. Андан тышкары Астанадагы Манастын эстелигинин ачылышына катышат.

Сапарга карата «Кыргызстан – Казакстан» бизнес-форуму, аксакалдардын жана чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрүнүн тегерек үстөлү, кыргыз-казак жаштар форуму жана илимпоздордун «Кыргызстан жана Казакстандын актуалдуу маселелерин чечүүдө илимди өнүктүрүү келечеги» форуму сыяктуу бир катар иш-чаралар белгиленген.

Астанада Манастын эстелиги орнотулду

Exit mobile version