Садыр Жапаров: Атамбаевдин камактан чыкканын туура эле көрдүм – видео

Садыр Жапаров: Атамбаевдин камактан чыкканын туура эле көрдүм – видео

Өлкөдөгү соңку окуялардан кийин абактан чыккан Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камактан чыкканын туура деп эсептейт. Бул тууралуу ал 7-октябрда “Мекенчил” партиясынын штабында өткөн маалымат жыйында айтты.

“Атамбаевдин абактан чыгышын туура эле көрдүм. Ал жаманбы жакшыбы 6 жыл мамлекетти башкарган адам. Эми камалбай туруп сот менен маселесин чечип алса болот”, – деди Жапаров.

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар 5-октябрда Ала-Тоо аянтына митингге чыккан. 6-октябрга караган түнү митингчилер Ак Үйдү жана  УКМКны басып алышкан. Таңга жуук Алмазбек Атамбаев баштаган абактагы бир нече саясатчы эркиндикке чыккан.

6-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон сегиз партиянын өкүлдөрү чогулуп, Координациялык кеңеш түзүшкөн.

Ушул эле күнү кечке маал “Достук” мейманканасында парламенттин кезексиз жыйыны өтүп, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалганы айтылган.

7-октярда «Ала-Тоо» аянтына люстрацияны талап кылган саясий топтор жана активисттер митингге чыгып, Тилек Токтогазиевди өкмөт башчылыкка сунуштап, өкмөт үйүнө кирип барышты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>