Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Азербайжанга барды

Президент Садыр Жапаров 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы аэропортко конду.

Президент Садыр Жапаровду Азербайжан Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген.

Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version