Site icon Reporter.kg

Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмунун бейформал саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапары менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаров 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмунун бейформал саммитине катышат.

Делегациянын курамы:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев.

Exit mobile version