Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров азык-түлүк коопсуздугун талкуулады

Президент Садыр Жапаров Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалды талкуулады. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысы кризиске каршы чаралардын планын, анын ичинде азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана башка социалдык-экономикалык маселелерди чечүү боюнча өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин мүчөлөрүнө жана Мамлекет башчысынын Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Exit mobile version