Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров бүгүн ШКУнун онлайн жыйынына катышат

Президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын видеоконференция форматындагы кеңешине катышат.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, конференция Орусиянын төрагалыгы астында өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык жана регионалдык актуалдуу маселелер боюнча пикир алышуу пландаштырылууда. Жыйын соңунда бир катар жыйынтык документтер кабыл

Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө өлкөлөр –  Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Байкоочу мамлекеттер: Афганстан, Беларус, Иран, Монголия.

Бул эл аралык уюмдун башкы максаты, экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, энергетикалык өнөктөштүк, илим жана маданият жаатында өз ара аракеттешүү, ошондой эле терроризм, сепаратизм, экстремизм жана наркотрафик менен күрөшүү болуп саналат.

Exit mobile version