Садыр Жапаров Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктады

Садыр Жапаров Байденди президент болуп шайланышы менен куттуктады

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Жозеф Байденди Америка кошмо штаттарынын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан билдиришти. 

«Бүгүн Америка Кошмо Штаттары өзүнүн өнүгүүсүнүн тарыхый этабында турат жана Сиздин жетекчилигиңиз менен Америка эли жаңы бийиктиктерге жетет деп терең ишенем. Кыргыз Республикасы кыргыз-америка мамилелерин өз ара пайдалуу өнүктүрүүгө дайыма өзгөчө көңүл буруп келет. Кызматташуу жөнүндө негизги келишимдин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн алга жылып жатканын зор канааттануу менен белгилейм. Эки элдин бакубаттыгы үчүн кыргыз-америка мамилелерин жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарууга багытталган биргелешкен иштерге кубанычымды билдирем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Жозеф Байденге бекем ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Америка элине тынчтык жана бакубаттуулук каалаган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>