Садыр Жапаров Баткендеги аскердик машыгууга күбө болду  — сүрөт

Садыр Жапаров Баткендеги аскердик машыгууга күбө болду  — сүрөт

Садыр Жапаров «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жүрүшүнө күбө болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Анда мамлекет башчысы машыгуунун катышуучуларынын алдында сөз сүйлөп, дүйнөдө конфликттик потенциал курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылуусу артып бара жатканын белгиледи.

Мындай шартта коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жооп кайтаруу, өлкө аймагында, чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча аракеттерди ишке ашыруу маанилүү экендигине токтолду.

Мындан сырткары, бир башчыга баш ийүү принцибин сактоо аркылуу куралдуу күчтөрдө вертикалдуу башкарууну орнотууга мүмкүнчүлүк түзүү үчүн Коргоо министрлигинин кайрадан калыбына келтирилгенин айтты.

Ошондой эле 1-апрелден тарта аскер кызматкерлери үчүн азык-түлүк паёгунун көлөмү көбөйтүлүп, быйыл Ош шаарында 200дөн ашуун аскер кызматчысы турак-жай менен камсыз болорун кабарлады.

Ал эми өткөрүлгөн машыгуулар Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Борбор Азия регионунун коопсуздугун бекемдөө ишине кошулган салым болоруна ишенимин билдирди.

«Мындан кийин катышуучулардын катарын кеңейтип, республиканын бардык административдик-аймактык түзүлүштөрүн ырааттуу камтуу менен мындай машыгууларды системалуу түрдө өткөрүп туруу керек. Жалпы элибиздин кызыкчылыгы үчүн Куралдуу күчтөрүбүздү чыңдоого багытталган жолубузду улантабыз деп Куралдуу күчтөрдүн Башкы кол башчысы катары сиздерди бекем ишендирип кетмекчимин. Кыргызстан ар дайым ачык жана меймандос мамлекет болуп келген жана болуп кала берет. Биздин негизги милдетибиз — аны сактап, келечек муундарга өткөрүп берүү», — деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>