Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Баткендеги салынып жаткан үйлөргө барды

(Башка сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда, Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында кайгылуу окуялардын кесепетинен жергиликтүү тургундардын үйлөрү талкаланган Баткен районунун Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы турак- жайлардын курулушунун жүрүшү менен таанышты, учурда Ак-Сай айылында 51 турак-жайда курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат алды. Бардык үйлөрдүн  пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, 5 үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалдарын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат.

Турак-жайларды кароо учурунда Садыр Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип,  курулушунун сапатын жана жашоо үчүн бардык зарыл болгон бардык шарттар бар экендигин көрдү. Ал жерде маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду.

Мамлекет башчысы Капчыгай айылына барганда каргашалуу окуянын кесепетинен үйлөрдүн дээрлик баары талкаланганын,  бүгүнкү күндө 75 үйдө курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө курулуш иштери аяктады. 17 үйдүн дубалы бүткөрүлүп, 26 үйдүн плиталары орнотулууда, 31 үйдүн чатыры жабуу иштери аяктаган.

Керектүү материалдар жетиштүү өлчөмдө бар жана турак-жайларды тез аранын ичинде пайдаланууга берүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда. Бүткөндөн кийин бардык объектилер тийиштүү инфраструктура менен камсыздалат, анын ичинде таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөлөт.

Садыр Жапаров курулуп жаткан үйлөр менен таанышып чыгып, курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн, үйлөргө ыңгайлуу жашоо үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Ошол эле учурда Президент Садыр Жапаров Баткен районундагы майор Б. Райымбеков атындагы «Капчыгай» чек ара заставасында болуп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version