Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров беш жетекчиге генералдык наам тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 25-февралда, укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын жетекчилерине жогорку наамдарды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы сыйлык алгандарды куттуктап, алардын артыкчылыктарын белгилеп, ошондой эле ак ниет эмгеги жана өз ишине берилгендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров алардын эмгегин жогору баалаган бүгүнкү сыйлык Ата Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жаратмандык жолунда жаңы бийиктиктерди багынтууга түрткү болоруна ишеним билдирди.

Ал генералдардан коррупцияга малынбай, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жазалана турганын эске тутуп, мамлекеттик коопсуздуктун кызыкчылыгы үчүн берилгендик менен ак ниет кызмат кылуусун талап кылды.

Президент Садыр Жапаров өлкө жетекчилиги мындан ары да мамлекеттик түзүмдөрдүн бардык кызматкерлерин материалдык жана социалдык шарттар менен толук камсыздай берерин баса белгиледи.

Буга чейин Мамлекет башчысынын жарлыктары менен укук коргоо, бажы жана көзөмөлдөө органдарынын төмөнкү кызматкерлерине генералдык наамдар берилген:

— Башкы прокурордун орун басары Сагындык Мукашовго «юстициянын генерал-майору» аскердик наамы;

— Башкы прокурордун орун басары Кубан Адыл уулуна «юстициянын генерал-майору» атайын наамы;

— Баткен облусунун ИИБ начальниги Мурат Бороновго «милициянын генерал-майору» наамы;

— КР ИИМ Академиясынын начальниги Тариель Абитовго «милициянын генерал-майору» наамы;

— Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековго «бажы кызматынын генерал-майору» наамы.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version