Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Бишкекке кайтып келди

Президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына иш сапары аяктады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчы Бурса шаарында Осмон мамлекетинин негиздөөчүсү жана анын жакындары коюлган “Осман гази жана Орхан гази турбеси” мемориалына барды.

Андан соң делегация мүчөлөрү менен биргеликте Изник ​​шаарын алуу үчүн салгылашууда курман болгон кыргыз жоокерлердин элесине арналган “Кыргызлар турбеси” мемориалына барышты.

Ушул эле күнү Садыр Жапаров Изник ​​шаарында Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.

Андан соң Кыргызстан менен Түркиянын лидерлери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган биргелешкен кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана кыргыз-түрк эки тараптуу мамилелеринин келечегин талкуулашты.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров  30-сентябрда, Бишкекке кайтып келди.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version