Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Бишкектеги футболдук мелдешке катышат

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда 14-15-декабрда футбол боюнча «Мурас» достук мелдеши өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол бирикмесинен билдиришти.

«Газпром» спорт комплексинде («Арча-Бешик») жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш-чарага 16 команда катышат.

«Турнирдин жобосуна ылайык, командалар 4 тайпага 4 командадан бөлүнөт. Алар тайпалык баскычта бир тур ойноп, андан соң финалдык этап болот. Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү», — деп айтылат маалыматта.

Турнирге төмөнкү комндалар катышат:

Иш-чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version