Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров тергөө абагындагы абал боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги  абактагылар аёосуз сабалып, телефондорду алуу үчүн жашаган жерлери тинтүүгө алынганы, ал тургай 5 адам ур-токмоктон каза болуп калганы тууралуу тараган маалыматтар боюнча «Кабар» агенттигине маек куруп, төмөндөгүдөй комментарий берди.

Анын айтымында, адам өлүмү тууралуу маалымат жалган болуп чыккан.

«Мен да интернет булактарынан окуп, дароо телефон аркылуу байланышсам эч кандай адам өлүмү болбоптур. Бул жалган маалымат экен. Бирок телефондорун алуу үчүн тинтүү жүргүзүшкөнү чындык. Бир эле түзөтүү колониясынан жети жүзгө жакын телефондор чыгыптыр. Мага видеолорун жиберишти. Эмне үчүн телефондорун алып жаткандарынын себеби, түрмөдө отуруп алышып сырттагы ишенчээк адамдарды алдап, акчаларын алып коюп жатышат. Алданып калгандар миңдеп саналат. Жалаң түрмөдө отургандар телефон чалып, алдап жана коркуткандар болуп чыгып атат. Ошол үчүн телефондорун тазалап жатышат», — деген Жапаров.

Мамлекет башчы камактагылар да тартипке баш ийиш керектигин айткан.

«Ал эми баш ийбей, каршылык көрсөткөндөрдүн башынан сылабайт да. Тартип деген тартип. Мурдагы заман жок. Аны унутуш керек. Криминал бар өлкө эч качан өнүкпөйт. Инвестор келбейт. Башка мамлекеттер ишенбейт. Ири долбоорлорго катышпайт. Кыскасы криминал башкарган коррупциялык өлкөлөр эч качан өнүкпөйт жана келечеги жок өлкөлөрдүн катарында болушат.

Ошондуктан келечеги бар, күчтүү Кыргызстанды түзүп кетишибиз керек. Тартипке баш ийгенди үйрөнөлү. Мурдагыдай инвесторлорду, бизнесмендерди тоногон криминалдар болбош керек. Эгер кимдир бирөөлөр бизнесмендерден, ресторандардан, базар ээлеринен «үлүш, отметка» сурап келгендер болсо дароо укук коргоо органдарына кайрылгыла.  Эгер кайсы бир бизнесмен же базар ээлери өздөрү «отметка» бергенин билип калсак, жазага тартылышат», — деген ал.

Садыр Жапаров мындан тышкары 2-3 жылда түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүлөрүн белгилеген.

«Азыр биз түрмөлөрдүн ичин толугу менен оңдоп-түздөп, өндүрүштүн түрлөрүн ачып берип жатабыз. Иш жакшы кетти. Буйрутмалар абдан көп. Түрмөдө отургандар иштеп акча табышсын. Сырттагы үй-бүлө, туугандарын кыйнап «тамак киргиз, кийим киргиз» дебестен, түрмөдө отуруп алып сырттагы үй-бүлө, бала-чакасына акча жиберип турушсун деп шарт түзүп берип жатабыз.

Алдыда келе жаткан 2-3 жылда бардык түрмөлөрдүн ичине өндүрүш ачып, шарт түзүп беребиз. Келечекте эмгек акылары да сыртта иштегендердей эле жогору болушуна шарт түзөбүз», — деген президент.

№1 тергөө абагында отурган кримтөбөлдөр Досонов жана Шүкүров сабалганы белгилүү болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version