Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров: Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал боюнча кайрылуу жасады.

Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда сабырдуулука жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырган.

«Кыргызстандын бардык жашоочуларын, биринчи кезекте саясий күчтөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарын сабырдуулукка, чагымчылдыкка алдырбоого, кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырам.

Биз тажик эли менен дайыма тил табышабыз, биздин ынак коңшулук кызыкчылыктарды эске алып жана ынтымакты сактоо менен гана бардык маселелерди чечебиз.

Азыр жаңжалды чыгарып, аны ичтен тутандырууга аракет кылгандар кооптондурат. Өлкө үчүн мындай оңой эмес учурда бардык ички саясий күчтөрдү сабырдуулукка чакырам», — деген президент.

Exit mobile version