Садыр Жапаров БШКдан документтерин кайтарып алып, кайра арыз жазган

Садыр Жапаров БШКдан документтерин кайтарып алып, кайра арыз жазган

Садыр Жапаров 14-ноябрь күнү кечинде Борбордук шайлоо комиссиясына мурда тапшырган документтерин чакыртып алып, президенттик шайлоого талапкерлигин көрсөтүү үчүн арызын кайрадан берди. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров кечээ түштөн кийин Боршайкомго барып президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн берген.

 Президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн арыз берүү мөөнөтү 14-ноябрында саат 23:59да аяктаган.

БШКнын маалыматына ылайык, жалпы 65 адамдан документтер келип түшкөн, эки адам кайра арызын чакыртып алган. Арыз бергендердин 62си өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин көрсөтүшсө, бир адамдын талапкерлиги саясий партия тарабынан сунушталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>