Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-сентябрда, БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) штаб-квартирасына келди. Бул тууралуу преизденттин басма сөз кызматы билдирди.

Жалпы дебаттар башталаардын алдында Мамлекет башчысы менен БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш учурашты.

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында президент Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөйт. Тизмеде жетинчи.

Мамлекет башчысынын сөзүнүн башталышы Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 20:30да күтүлүүдө.

Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version