Садыр Жапаров: Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз

Садыр Жапаров: Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Төмөндө куттуктоо сөзү:

«Кадырлуу мекендештерим!

Жалпыңарды Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Нооруз — адамзат тарыхындагы эң байыркы, миңдеген жылдар бою салтанат менен белгиленип келаткан майрамдардын бири. Анын маңызы — табияттагы бул күндөгү жаңыланууну, коомдун жана адам баласынын жаратылыш менен тыгыз байланышын даңазалоо.

Күн менен түн теңелип, андан ары күн узарып, жаз амалы башталарын эзелки кыргыздар да эсептеп билип, бул күндүн касиетин даңазалаган улуттук салт-жөрөлгөлөрү кадим замандан калыптанган. «Улустун улуу күнү» деген сөз ошол замандардан калган.

Учурда Кыргызстандын эли жаңы башталыштарды мурда болуп көрбөгөндөй илгери үмүт менен күтүп, алдыга умтулуп турган чагы.

Быйылкы жаз — республикабыз үчүн өзгөчө жаз. Анткени элибиз өтө маанилүү жана жооптуу учурдун —  буга чейинки жетишкендиктерибизди бекемдеп, реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн дагы бир маанилүү кадамды жасоонун, жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумду өткөрүүнүн алдында турат.

Анын мааниси коомубузду жаңы бийиктерге, бакубат жашоого сүрөөгө, улуттун ынтымагын ширөөгө багытталган.

Ар бир үй-бүлө бүгүн дасторконду тегеректеп отуруп, коомубуз тазарсын, үйүбүзгө ырыс толсун деген бата менен эртеңки күнгө, келечекке үмүт-тилек артат.

Анткени ынтымакка бөлөнүп, биримдикке таянганда гана жаркын келечекти кура алабыз.

Эмесе, Нооруз күнү бизге дем берип, элибиздин ырыскысы артсын! Мамлекетибизге молчулук, кут-береке тартууласын! Элибиз айдан аман, жылдан эсен болсун!»

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>