Садыр Жапаров: Дүйнөдө наркобарондор, бизде энергобарондор бар

Садыр Жапаров: Дүйнөдө наркобарондор, бизде энергобарондор бар

«Улуттук энергохолдинг» коррупцияны жоюу боюнча иш аракеттерди көрбөй жатат. Мындай пикирди президенттин м.а., премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Ал «Улуттук энергохолдинг» тиешелүү иш аракеттерди көрбөсө катуу текшерүүлөр жүрөрүн айтты. 

“Дүйнөдө  наркобарондор бар, бизде энергобарондор бар. Мына энергохолдинг биздин билдирүү жасаганыбызга 15 күн болду. Бир дагы бир коррупцияны жоюу боюнча иш аракеттерди көргөн жоксуңар, бүгүн да уланып жатат. Бирок анын да чеги болот. Текшерүүлөр барып, мурдагысына көз жумсак дагы бийлик алмашкандан беркисине өтө катуу жооп берип каласыңар”, — деди Жапаров. 

 

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>