Садыр Жапаров: Дүйшөбаев жоопко тартыла турган адам – видео

Садыр Жапаров: Дүйшөбаев жоопко тартыла турган адам – видео

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчылыгы кызматында иштөөгө моралдык укугу жок, ал жоопко тартыла турган адам. Мындай пикирди президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24” каналына берген маегинде айткан.

Жапаровдун айтымында, Дүйшөбаев 2010-жылдагы апрель жана июнь окуяларынын алдын албаганы жооп бериши керек.

“Ал ошол мезгилде Улуттук коопсуздук кызматынынын башысы болуп туруп окуялардын болуп кетпеши үчүн чараларды алдын ала көргөн эмес. Албетте бул дагы териштирлет. Ал жоопко тартыла турган адам, анан кантип ал коопсуздук кеңешинин башында турушу керек?”, – деген Жапаров.

Белгилей кетсек, эки апта мурун Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалган Кеңешбек Дүйшөбаев 26-октябрда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазып, эртеси журналисттерге маалымат жыйын берген. Анда УКМКнын ишин сынга алып,  Райымбек Матраимовдун жана кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кармалуусун “театрлашкан шоу” деп атаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>