Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров депутаттарга: Саясый интригаларды коюп, чогуу өнүгөлү

Демократия принциптерине жамынып алып, ар кандай негизсиз сын-пикирлерин айтып, саясый упай топтоого далалат кылган саясатчыларыбыз да жок эмес. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында,  ар бир жаран ой-пикирин ачык айтууга укуктуу.

“Кыргызстан демократиялык өлкө экендигин байма-бай айтып келебиз. Элибиздин менталитетинде, канында демократия элементтери болгондуктан, Баш мыйзамыбыздын 1-беренесинде дагы Кыргызстан демократиялык өлкө деп белгиленгени жөн жерден эмес. Өлкөбүздө ар бир жаран эркин ой жүгүртүүгө, ой-пикирин ачык айтууга укуктуу. Ошентсе да, дал ушул эркиндикке, демократия принциптерине жамынып алып, жогорудагыдай киреше булактарына ар кандай негизсиз сын-пикирлерин айтып, саясый упай топтоого далалат кылган саясатчыларыбыз да жок эмес.

Демократия шартында, албетте, атаандаш пикирлердин болушу зарыл, ал тургай ошондой болушу керек. Эл өкүлдөрүнүн тарапташтарынын койгон маселе-талаптары көчөдө сүйлөнбөй, парламенттин ичинде адистердин катышуусунда талкууланып, жыйынтык чыгарылып жатканынын өзү эле өлкөбүздүн туура багытта, түз жолдо бараткандыгынын белгиси деп айтар элем”, — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле, өлкө башчы чогуу өнүгүүгө багыт алуу зарыл экенин айтты.

“Дүйнө агымы өтө тездик менен өнүгүп жаткан маалда биз саясий талаш-тартыштардын, саясый интригалардын ордуна ошол дүйнөлүк өнүгүүдөн артта калбай, чогуу өнүгүүгө багыт алышыбыз зарыл экенин эсибизден чыгарбайлы. Кыргызстанга азыр экономикабызды жолго коюп, аны андан ары өркүндөтүү маселеси биринчи орунда турат. Элдин талабы, тилек-үмүтү дагы дал ушундай”, — деди президент.

  

Exit mobile version