Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту  

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 алкагында Доха шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 18-декабрда, чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Доха шаарында  футбол боюнча Дүйнө чемпионаты — 2022 финалдык беттешине күбө болду. Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version