Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров ЕАЭБ жыйынына катышуу үчүн Беларуска барды

Бүгүн, 26-июнда Садыр Жапаров Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына жана IV Евразия экономикалык форумуна катышуу үчүн иш сапары менен Минск шаарына (Беларусь Республикасы) барды. БУл тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчыны Минск шаарынын улуттук аэропортунан Беларустун премьер-министринин орун басары Виктор Каранкевич жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Маалыматка ылацык, жыйынга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин башчылары жана Бирликке байкоочу-мамлекеттердин башчылары катышат. Жыйындын күн тартибинде 14 маселенин каралышы пландалууда.

Exit mobile version