Президент Садыр Жапаров Азербайжандын Ханкенди шаарында өтүп жаткан Экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКУ) 17-саммитине катышып, сөз сүйлөдү.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, Саммит «Ишенимдүү жана климаттык жактан туруктуу келечек үчүн ЭКУнун жаңы көз карашы» деген темада өттү.
Мамлекет башчы Кыргызстан уюмдун ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берерин белгилеп, климаттын өзгөрүшү жана туруктуу өнүгүү боюнча биргелешкен аракеттерге чакырды. Ал кайра жаралуучу энергетика, акылдуу инфраструктура жана санариптештирүү тармактарында кызматташууну сунуштады.
Президент Кыргызстан демилгелеген «Тоолуу жаштар жана климат» платформасын жана 2027-жылы өтө турган «Бишкек+25» Глобалдык Тоо саммитин эске салып, катышуучу өлкөлөрдү колдоого чакырды.
Жапаров ошондой эле логистиканы санариптештирүү, тарифтерди унификациялоо жана деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн шарттарды жакшыртуу маанилүү экенин белгиледи.
Саммитке ЭКУга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышты.