Садыр Жапаров элчилер менен эмнеге жолукпай калган? Өкмөттүн билдирүүсү

Садыр Жапаров элчилер менен эмнеге жолукпай калган? Өкмөттүн билдирүүсү

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун эл аралык уюмдардын башчылары, чет мамлекеттердин ардактуу консулдары менен болгон жолугушуусунун өтпөй калышы боюнча өкмөт билдирүү тартты.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, жолугушуу 28-октябрга белгиленген.

Бирок, 28-октябрда өкмөт мүчөлөрүнүн ант берүү аземи болгондуктан жолугушуу өтпөй калган.

Өкмөт жолугушуу өтө турган күн боюнча кошумча маалыматтар берилерин айтты.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>