Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров эртең маалымат жыйын өткөрөт

Эртең, 12-октябрда президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров маалымат жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Reporter.kg агенттигине Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Нургазы Анаркулов билдирди.

Анын айтымында, Садыр Жапаров жакын арада президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматын тапшырат, маалымат жыйын дагы ошого байланыштуу.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров «Регион» телеканалына берген маегинде президенттик ыйгарым укуктарын 14-ноябрга чейин өткөрүп берерин айткан.

Exit mobile version