Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров ЕАЭБ форумунда: “Чакан экономикасы бар өлкөлөр үчүн талаптарды жеңилдетүү керек”

Өлкө башчы Садыр Жапаров Минск шаарында өткөн IV Евразия экономикалык форумунун «Евразиялык экономикалык интеграциянын стратегиясы: жыйынтыктар жана келечектери» аттуу пленардык сессиясына катышып, сөз сүйлөдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент өз кайрылуусунда Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кооперациясын чыңдоого артыкчылык берип жатканын белгилеген. Ал кооперациялык долбоорлорду каржылоонун натыйжалуу механизмдери иштелип чыкканын айтып, бирок ишкерлер үчүн өтүнмө жана талаптар боюнча тоскоолдуктар бар экенин кошумчалаган. Ошондуктан, Садыр Жапаров критерийлерди кайра карап чыгууну, өзгөчө чакан экономикасы бар өлкөлөр үчүн шарттарды жеңилдетүүнү сунуштаган.

Мамлекет башчысы экономиканы модернизациялоого багытталган бир нече сунуштарды айткан, алардын катарында:

Президент ошондой эле 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасына индустриялаштыруу маселеси киргизилгенин белгилеп, Кыргызстандын текстиль, тамак-аш, курулуш материалдары, фармацевтика жана машина куруу тармактарында жогорку потенциалы бар экенин айткан.

Сөзүнүн соңунда Садыр Жапаров Кыргызстан өнөр жай тармагында Бирликтин ичинде жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Белгилей кетсек, Беларуста өтүп жаткан IV Евразиялык экономикалык форумга ЕАЭБге  мүчө мамлекеттердин башчылары: Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян (видеоконференция форматында), Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин жана Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаев катышып, кызматташуунун келечектүү багыттарын жана мүчө-мамлекеттердин экономикасынын туруктуулугун жогорулатуу маселелерин талкуулашууда.

Exit mobile version