Садыр Жапаров Финполицияга жаңы жетекчи дайындады

Садыр Жапаров Финполицияга жаңы жетекчи дайындады

Өкмөттүн басма сөз кызматынын билдиришинче Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын жетекчиси болуп Сагынбек Абдылдаев дайындалган. Ал буга чейин аталган мекемеде орун басарлык милдетти аркалап келген.  

Аталган буйрукка премьер-министр Садыр Жапаров кол койгон.

Сагынбек Абдылдаев Токонович 1969-жылы 26-январда туулган. КУУну аяктаган, жогорку экономикалык билимге ээ.

Эмгек жолу:

1989 — КРдин Куралдуу күчтөрүнүн офицери, Афганистанда кызмат өтөгөн;

1995 — КР президентинин алдындагы күзөт башкармалыгынын офицери;

2002 — Каржы министрлигинин алдындагы мамлекеттик бажы инспекция башкармалыгынын башчысы;

2002-2007 — Улуттук коопсуздук органдарында башкармалык жетекчиси;

2008 — Өкмөттүн алдындагы Финансы полиция бөлүмүнүн башчысы;

2010-2011 — Финполдун Салык жана бажы кылмыштарына каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары;

2012-2014 — Финполдо башкармалык жетекчиси;

2015-2016 — Финполдо Чүй облусу боюнча башкармалыктын жетекчиси;

2016-2018 — Экономикалык кылмыш менен күрөш кызматынын ыкчам иштер бөлүмүнүн жетекчиси;

2018-жылдын 28-сентябрында Финполдун жетекчисинин орун басары болуп дайындалган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>