Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Индияга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров июль айында Индияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, 5-майда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Индиянын ТИМ башчысы Субраманям Жайшанкардын жолугушуусу болгон. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгы каралган.

Аны менен бирге Садыр Жапаровдун 3-4-июлда Нью-Делиде өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине катышуу үчүн Индияга боло турчу иш сапарына даярдыктар талкууланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version