Садыр Жапаров: Инвесторлор үчүн эшик дайыма ачык

Садыр Жапаров: Инвесторлор үчүн эшик дайыма ачык

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун Кочкор районуна жумушчу сапары болуп өттү.

Сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы Кочкор районунун Мантыш айылындагы социалдык шаарчанын пайдубалына капсула салуу аземине катышты, ошондой эле анын курулушунун долбоору менен таанышты.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, социалдык шаарча куруу пландалып жаткан аймак 3 гектарды түзөт. Жер тилкеси Өкмөттүн буйругуна ылайык бөлүнүп берилген.

Социалдык шаарча долбоорунун алкагында өнүккөн инфраструктурасы жана эң алдыңкы шаймандары бар чакан шаарчаны түзүү пландаштырылууда. Муну менен катар долбоордо бала бакча, мектеп, балдар ойноочу аянтча, чакан футбол аянтчасы, ателье, эс алуу багы жана мечит каралган. Ошондой эле ар бири 4 кишилик төрт үй жана эки адамдан турган үй-бүлө үчүн жети турак жай салынат.

Бул долбоорду толугу менен каржылоо Катар Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун эсебинен пландаштырылып жаткандыгы белгиленди.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана жетим балдарды колдоонун алкагында курулушту 2022-жылга чейин бүтүрүү пландалууда.

«Долбоор негиздөөчүлөрү уруксаат документтерин алуусу үчүн жарым жыл убакыт керектелген экен, аталган долбоордон пайда табуу үчүн бюрократиялык тоскоолдуктар жаралган. Биз буга кескин каршы турабыз. Мындайга жол берилбеши керек. Биздин эшик инвесторлор үчүн ар дайым ачык»,- деп билдирди Садыр Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>