Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Ирактан кайтарылган балдарга барды

Садыр Жапаров 19-мартта Ирактан кайтарылган балдардын жашоо-шарттарын жана аларга кандай жардам көрсөтүлүп жатканын көрүп келди. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы 16-мартта “Мээрим” гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактан кайтарылган 79 бала Чүй облусунун балдар борборлорунун бирине жеткирилгенин, алардын ичинде 2 жаштан 18 жашка чейинки 38 эркек бала 41 кыз бар экени тууралуу маалымат берилген.

“Борбордо балдар үчүн бардык шарттар камсыздалган. Аларга төрт маал тамак берилип турат. Ички иштер министрлигинин кызматкерлери күнү-түнү алардын коопсуздугун камсыз кылышат. Тийиштүү адистер аларды бара-бара туугандарына өткөрүп берүү үчүн кайрадан коомго аралаштырып, кадимки жашоосуна кайтаруу боюнча иш алып барышат”, — деп айтылат маалыматта.

Мамлекет башчысы мекеменин имараты, жатакана бөлмөлөрү, ашкана менен таанышып, балдарга кандай тамактар берилерин көрүп чыккан.

Мекеменин тарбиячылары менен баарлашып жатып Президент балдарга ар тараптуу жардам көрсөтүүнүн маанисин белгилеген.

Мамлекет башчысы ар кандай себептер менен Иракка кеткен Кыргызстандык жарандардын балдары бөтөн жерде согуштук аракеттердин кесепеттерин көрүп, аман-эсен кайтып келишкенин, ошондуктан өз мекенинде алар ар дайым баш калкалай аларын, камкордукка жана коргоого алынарын көрсөтүү зарыл экенин кошумчалаган.

Садыр Жапаров чет өлкөлөрдөгү өз жарандарынын коопсуздугун, өмүрүн жана ден-соолугун сактоо үчүн мамлекет тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалып, бардык ресурстар колдонуларын өзгөчө белгилеген.

Ал тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүлүн балдарды толук кандуу коопсуз жашоого кайтаруу боюнча реабилитациялоо жана реинтеграциялоо, ар бир бала үчүн балдарды коргоонун жеке планын түзүү жана балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык жактан колдоо иштерин күчөтүүгө бурган.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров бардык кепилденген мамлекеттик кызматтарды алууда ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгына токтолгон.

Exit mobile version