Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров порттогу жарылууга байланыштуу Ирандын президентине көңүл айтты

Садыр Жапаров Бендер-Аббас шаарындагы деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен курман болгондорго байланыштуу Ирандвн президенти Масуд Пезешкианга көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Бандер-Аббас шаарында Шахид Ражаи деңиз портунда болгон жарылуунун кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Ал эми жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм», – деп айткан өлкө башчы көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, 26-апрель күнү таңга маал Ирандын Бендер-Аббас шаарындагы Шахид-Раджаи деңиз портунда жарылуу болуп, кеминде 25 адам каза таап, жаракат алгандардын саны миңден ашты. New York Times гезитинин маалыматында, жарылуу ракеталык отундун негизги курамы болгон натрий перхлоратынын жарылышынан улам келип чыккан.

Exit mobile version