Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров иш сапар менен Нарын облусуна барды

Бүгүн, 9-ноябрда президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров иш сапар менен Нарын облусуна барды.

Жапаров жумушчу сапардын алкагында облустагы социалдык объектилерди, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын көрөт. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн курулган турак жай комплексинин ачылыш салтанатына катышат.

Муну менен катар Нарын облусунун эли менен жолугушат.

Exit mobile version