Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Абу-Дабиге барды — видео

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) борбору Абу-Дабиге келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Абу-Дабидеги эл аралык аэропортко конду.

Флагштокторго Кыргызстан менен БАЭ туулары илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Аэропортто президент Садыр Жапаров менен БАЭ энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл бин Мохаммед Фарадж Фарис Аль Мазруэй менен кыскача баарлашуу болду.

Эске салсак, иш сапардын алкагында президент БАЭнин жогорку жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version