Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-октябрда, иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына  келди. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын Премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version