Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров иш сапары менен Бириккен Араб Эмирлигине барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бириккен Араб Эмираттарынын мамлекеттик тышкы иштер министри Халифа Аль-Марар менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусу «Булуңундагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши + Борбордук Азия» стратегиялык диалогунун алкагында өттү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар 2023-2027-жылдарга ПБАМКК+БА биргелешкен иш-аракеттер планын ишке ашырууга киришүү жана саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды өнүктүрүү боюнча ишти улантууга макулдашты.

Тараптар Кыргызстандын президентинин ушул жылы БАЭге расмий сапарын даярдоо жана уюштуруу үчүн негиз түзүү максатында жакын арада ТИМдер аралык саясий консультацияларды өткөрүүнү чечишип, өлкөнүн ортосундагы саясий диалогду жогорку деңгээлде жүргүзүүгө макулдашышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кулубаев кыргыз тарап БАЭнин Кыргызстандагы элчилигинин ачылышын күтүп жатканын билдирди. Х.Аль-Марар эмират тарап бул маселеге чоң маани берерин жана БАЭ өкмөтү жакын арада оң чечим кабыл аларын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БАЭге жыл аягына чейин иш сапары менен барат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version