Site icon Reporter.kg

Садыр Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугат

Президент Садыр Жапаров 2-4-октябрь күндөрү Италияга жана Ватиканга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында 3-октябрда Садыр Жапаров Италиянын президенти Сержо Маттарелла, Министрлер кеңешинин төрагасы Жоржа Мелони, Депутаттар палатасынын төрагасы Лоренцо Фонтана жана Сенаттын төрагасы Иняцио Ла Русса менен жолугуп, сүйлөшүү өткөрөт.

Ал эми 4-октябрда Жапаров Рим папасы Франциск менен жолугат.

Exit mobile version