Site icon Reporter.kg

Бүгүн Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин түптөө салтанатына катышат

Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына катышат. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

«Бүгүн, 8-июнда, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет», — деп айтылат маалыматта.

Салтанаттуу иш-чара УТРК жана республикалык телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылат.

Exit mobile version