Садыр Жапаров: Камсанабаңыздар. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт

Садыр Жапаров: Камсанабаңыздар. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бардык шайлоо иштери 2021-жылдын март айына чейин бүтөрүн билдирди. Анын билдирүүсү өзүнүн «Фейсбуктагы» расмий баракчасына жарыяланды.

«Урматтуу Кыргызстандыктар!

Эч камсанабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат.

Эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келе жаткан иштер сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуулар болбосо, (катуу бут тосуулар болуп жатат) баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июньга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга  «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүшү керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!», — деп жазылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттик шайлоону жылдыруу боюна мыйзам долбоорун колдошкон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>