Президент Садыр Жапаров 5-6-июлда Азербайжанга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын бейформал саммитине катышат. Бул жолугушуу «Транспорт, байланыш жана климаттык иш-чаралар аркылуу туруктуу келечекти түзүүнү камсыз кылуу» темасынын алдында өтөт.
Саммитке Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын президенттери, Түркия жана Венгриянын өкмөт башчылары катышат.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстанда иш сапар менен болуп, ШКУнун саммитине катышууда.
Жапаров менен Си Цзинпин Ысык-Көлдөн Кытайга кеткен жолду салуу маселесин талкуулады